Редакцияот 20.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 20-сентябры № 121/14-28

Чакан ГЭС курууга жайыт жерин берүүгө уруксат берүү жөнүндө

“Келечек Энергиясы” ачык акционердик коомунун жетекчиси Н.Касымакуновдун чакан ГЭС куруу жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө" жарлыгын эске алып, Сын-Таш айыл Кенеши

ТОКТОМ  КАБЫЛ АЛАТ:

1. Жайыт жерине тиешелүү Ысык-Ата суусун бойлото чакан ГЭС курууга уруксат берилсин.

2. Жайыт колдонуучулар бирикмесинин жетекчиси менен тиешелүү контурлар жана ГЭС курулуучу жердин көлөмү такталсын.

3. Милдеттемелер мыйзам чегинде аткарылсын.

4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жайыт колдонуучулар бирикмесинин жетекчисине жүктөлсүн.

Сын-Таш айыл

кеңешинин төрагасы:

 

Э.Б. Джолдошбеков