Редакцияот 20.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 20-сентябры № 123/14-28

“Дүйшөм” каналын Ысык-Ата райондук суу башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө

Өтөгөн айылынын дыйкандарынын кайрылууларынын негизинде жана азык-түлүк коопсуздугун эске алып, Сын-Таш айыл Кенеши

ТОКТОМ  КАБЫЛ АЛАТ:

1. “Өтөгөн-Суу” суу колдонуучулар ассоцациясынын балансында жайгашкан “Дүйшөм” каналы, Ысык-Ата райондук суу башкармалыгынын балансына өктөрүп берүүгө уруксат берилсин.

2. “Өтөгөн-Суу” СПА жетекчиси Н.Чоткараев кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларын ишке ашырсын.

3. Милдеттемелер мыйзам чегинде аткарылсын.

4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Джолдошевге жүктөлсүн.

Сын-Таш айыл

кеңешинин төрагасы:

 

 Э.Б. Джолдошбеков