СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 20-сентябры № 124/14-28
Сын-Таш айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» жарлыгы жана Элдик Курултайды уюштуру боюнча комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечими жана КР айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин нускамасына ылайык маселени карап жана талкуулап, Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Сын-Таш айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрында саат 10:00 чакырылсын.
2. Сын-Таш айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынынын курамы калктын санына ылайык - 50 өкүлдөн турары белгиленсин.
3. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 16-октябрдан 26-октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№1 тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормаларын калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.
4. Сын-Таш айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуру жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 7 адамдан бекитилсин (№2 тиркеме).
5. Бул токтом мамлекеттик реестрга киргизүү жана каттоо үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Жогорудагы токтомдун көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
| Джолдошбеков Э.Б. |
|
| Тиркеме №1
Сын-Таш айыл Кеңешинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы №124/14-28 токтому менен бекитилген. |
Сын-Таш айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү жыйындарынын
№ | Өткөрүлүүчү орду | Убактысы | Калктын саны | Делегаттардын саны | Жооптуулар |
1 | Кызыл-Арык | 17.10.2023 саат 13:00 | 918 | 6 | Кучкачев Мелис Босумбаев Кайырбек |
2 | Сын-Таш | 17.10.2023 саат 14:00 | 1023 | 6 | Алагушева Назира Бегалиева Нурзат |
3 | Тельман | 17.10.2023 саат 15:00 | 1203 | 7 | Сыдыкова Айнура Рысова Эльмира Малтаев Максат |
4 | Ак-Сай | 18.10.2023 саат 13:00 | 957 | 6 | Бегузакова Зарина
|
5 | Жетиген | 18.10.2023 саат 14:00 | 1027 | 6 | Женалиев Эдиль Изенгулов Ренат Джуманалиева Айчурек |
6 | Рот-Фронт | 18.10.2023 саат14:00 | 971 | 6 | Асанбеков Рустам Мамыралиев Муса |
7 | Советское | 19.10.2023 саат 13:00 | 1254 | 7 | Арыкбаева Салима Сейдивалиев Изат |
8 | Өтөгөн | 19.10.2023 саат 14:00 | 986 | 6 | Картанбай уулу Ислан Ченыбаева Нургуль |
Сын-Таш а/К катчысы: |
| Султанова М.К. |
|
| Тиркеме №2
Сын-Таш айыл Кеңешинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы №124/14-28 токтому менен бекитилген. |