Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-сентябрындагы №48/VIII-29
Каржы каражаттарды жылдыруу жөнүндө
Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн башкы адиси А.Дж.Толубаеванын «Турак жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн ичиндеги 2221-беренеге акча каражаттарын жылдыруу жөнүндө» маалыматын карап чыгып, талкуулап, айылдык кеңештин депутаттары белгилешти. Нурманбет айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүндө пайдаланылбай калган каражаттарды жергиликтүү маанидеги маселелерди маселелерди чечүү максатында иш-чарага жумшалып жылдырылсын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1.Турак жай коммуналдык чарба бɵлүмүнүн жана мектеп ичинде акча каражаттарын тɵмɵнкү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында иш-чарага жумшалып жылдырылсын:
- 2221 – берене Нурманбет айылынын А.Андашева жана Садык көчөсүн жарыктандырууга – 521 223 сом;
-2221- берене бала бакчаларга видеокөзөмөл орнотуу үчүн – 333650 сом;
- 2224 – беренеден 150 миӊ сом жана 2234-беренеден 162,1 миӊ сом 3112- беренеге Нурманбет айыл аймагынын мектептерине видеокөзөмөлорнотууга жылдырылсын.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.С.Бекбоева |