Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XII сессиясы
2025-жылдын 14-октябрь №12-1
Делегаттардын санын, жумушчу топтун курамын бекитүү жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны өтүүчү жайды аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” № 270 Жарлыгына жана Уюштуруу комитети бекиткен календардык планга ылайык, III Элдик Курултайдын Улуттук Кенеши 2024-жылдын 21-декабрында кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобону жетекчиликке алып, ошондой эле мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 9-октябрындагы № 9 корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. 2025-жылдын 1-ноябрында ишемби күнү Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйыны чакыртылсын жана “Чатыр-Көл” кинотеатрынын жыйындар залында саат 11.00 дө өткөрүлсүн.
2. Ат-Башы айыл аймагындагы жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынын өкүлдөрүнүн (делегаттарынын) саны 100 адам деп бекитилсин, анын ичинде:
- Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабы – 30
- Ат-Башы айылынын күн батыш тарабы – 30
- Ача-Кайынды айылы – 20
- Ак-Жар айылы – 20.
3. Ат-Башы айыл аймагында жарандардын жыйынында жергиликтүү коомдоштуктун жыйынынын өкүлдөрүн (делегаттарын) шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жарандардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда жумушчу тобунун курамы бекитилсин:
- У. Мелис уулу, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы - жумушчу топтун төрагасы;
- Н. Кемелова, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы- жумушчу топтун катчысы;
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- С. Өмүралиев – Аксакалдар сотунун төрагасы;
- Н. Жаныгулова - Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты;
- М. Мамыралиев - Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты;
- И. Абдыкеримов – Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты;
- Б. Кубанычбеков – Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
- А. Бейшенбек кызы – Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн экономист-статисти;
- Б. Абдыразакова – Ат-Башы айылынын аялдар кенешинин төрайымы;
- Т. Советбеков – Ат-Башы айылынын жаштар кенешинин төрагасы.
5. Жарандардын жыйынында делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңештин депутаттарынын курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин жана жумушчу топ менен биргеликте иш жүргүзүшсүн.
6. Жыйын өтүүчү жайларды, материалдык-техникалык керектөөлөрдү камсыз кылуу, жыйындарды өткөрүүгө көмөктөшүү жагы айыл өкмөттүн башчысы Р. Докоевге жүктөлсүн;
7. Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүүдө коомдук тартипти сактоо жагы Ат-Башы РИИБге тапшырылсын.
8. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | У. Мелис уулу |