Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-июнундагы 24/VIII-3
Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык менчигинде турган жер тилкелерин ижарага пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды, гранттарды тартуу жана жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 517 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөнүүчү берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” жобонун негизинде, Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин ижарага пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө” катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Төмөнкү даректерде жайгашкан, жалпы жер аянты 49,65 га (имараттары менен) болгон, мурунку «Эт-Комбинат» ААК сынын аймагына караштуу болгон муниципалдык объекттерди менчикке убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин:
1) Кайыңды ш., Полевая көч. № 3 дарегинде жайгашкан жер тилкеси, жалпы аянты 6,87 га;
2) Кайыңды ш.,Мира көч. № 1 б дарегинде жайгашкан жер тилкеси жалпы аянты 6,61 га;
3) Кайыңды ш., Мира көч. 1 а дарегинде жайгашкан жер тилкеси, жалпы аянты 27,39 га;
4)Кайыңды ш.,№ 2 участокто жайгашкан жер тилкеси, жалпы аянты 8,78 га
2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак-жай меселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |