Редакцияот 26.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

 

2022-жылдын 26-январы № 27

Бирлик айыл аймагынын 2021-2023-жылдарга түзүлгөн өнүгүү программасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Бирлик айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга өнүгүү программасына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча айтылган пикир,сунуштарды карап чыгып, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бирлик айыл өкмөтүнүн 2021-2023жылдарга өнүгүү программасына төмөнкү обьектер киргизилип өзгөртүлсүн.

1. Чечме айылына жыңы 225 орундуу типтүү мектеп куруу.

2. Б.Алыкулов орто мектебинин аянтынан ажыратылган жер аянтына бала бакча куруу.

3. Сырт айлындагы эски мектепти имаратын бала бакчага айландыруу,капиталдык оңдоодон өткөрүү.

4. Ормош айлындагы № 6 ҮДТ имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү

5. Кашка суу долбоорун ишке ашыруу.

6. Жал айылдары аркылуу өткөн жол Кадамжай № 46 жол тейлөө ишканасынын балансындагы жолдун 2 км асфальттоо

7. Бирлик айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн капиталдык ремонту боюнча жана борбордук стадионуна эстрадалык сахна үчүн чатыр куруу.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

 

С.Каламов