Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 15-октябрындагы № 2025-П-12/52-3-(НПА) токтомуна карата тиркеме
"Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдарында ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү системасына карата минималдуу талаптар жөнүндө" ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул "Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдарында ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү системасына карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо микрофинансы уюмдарынын маалыматтык системаларындагы ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүүнүн негизги механизми катары, анын ичинде микрофинансы уюмдарынын маалыматтык системаларындагы ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү алгоритмдери ушул Жобонун талаптарына жооп бербеген учурда да колдонулат.
2. Бул жобонун талаптарын аткаруу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кызмат көрсөткөн бардык микрофинансы уюмдары, ошондой эле мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар (мындан ары - МФУ) үчүн милдеттүү болуп саналат.
3. МФУлар өз иш масштабына, мүнөзүнө жана түрлөрүнө ылайык келген ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү системасынын (антифрод-системанын) болушун жана натыйжалуу иштешин камсыз кылууга милдеттүү.
4. Ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү системасы кардарлардын жана МФУнун кызыкчылыктарын алдамчылык аракеттерден, анын ичинде кызматкерлердин, кардарлардын, үчүнчү жактардын, ошондой эле аффилирленген жактардын аракеттеринен коргоого багытталууга тийиш
2-глава. Саясат жана уюштуруу чаралары
5. МФУлар обочо туруп/аралыктан тейлөө системаларында Алдамчылыкка каршы аракеттенүү саясатын иштеп чыгууга жана бекитүүгө милдеттүү.
Саясат өзүнчө документ түрүндө түзүлүшү же МФУнун тобокелдиктерди башкаруу саясатынын бир бөлүгү болушу мүмкүн.
Саясатта кеминде төмөнкүлөр камтылышы зарыл:
- жетекчиликтин кардарларды обочо туруп/аралыктан тейлөө системаларында ички жана тышкы алдамчылыктан коргоого артыкчылык берүүсүн тастыктаган аракети;
- обочо туруп/аралыктан тейлөө системаларында алдамчылыкты убагында аныктоо, алдын алуу жана жол бербөө принциптери;
- тобокелдиктин бааланган деңгээлине шайкеш келген аныкталган алдамчылык учурларга же аракеттерине шайкеш жана өз убагында автоматташтырылган же жарым автоматташтырылган чараларды көрүү тартиби;
- алдамчылыкка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө аракеттенбей коюулары же талапка ылайык аракеттерди көрбөгөндүгү үчүн МФУнун кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулуучу жоопкерчилик чаралары, анын ичинде коркунучтарга мониторинг жүргүзүү, каршы аракеттенүү чараларын иштеп чыгуу жана аларды колдонууга киргизүү, ошондой эле инциденттерге карата чара көрүү.
Саясат жылына кеминде бир жолу кайра каралып, актуалдаштырылууга тийиш.
МФУнун обочо туруп/аралыктан тейлөө системаларында алдамчылыкка каршы аракеттенүүнү жөнгө салган ички жол-жоболору жана документтери зарылчылыкка жараша, бирок эки жылда кеминде бир жолу колдонулуучу чаралардын натыйжалуулугун, мыкты эл аралык тажрыйбаны жана актуалдуу коркунучтарды эске алуу менен кайра каралууга тийиш.
МФУлар жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболорду жана документтерди тобокелдиктерди тескөө системасына интеграциялоого жана МФУнун тиешелүү кызматкерлеринин бардыгы алар менен таанышуусун камсыз кылууга милдеттүү.
3-глава. Антифрод-контролдоону техникалык ишке ашыруу
6. МФУлар ички сыяктуу эле, тышкы алдамчылыкка жол бербөө үчүн обочо туруп/аралыктан тейлөө маалыматтык системаларында алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү системаларын колдонууга киргизүүгө милдеттүү. Бул системалар обочо туруп/аралыктан тейлөө системалары аркылуу өткөрүлгөн ар бир транзакцияга алдамчылык тобокелдик боюнча мониторинг жүргүзүп, баа берип турууга тийиш. Бул системаларды эки ыкмада ишке ашырууга жол берилет:
- обочо туруп/аралыктан тейлөөнүн бардык автоматташтырылган системалары менен өз ара иш алып барган өзүнчө, көз карандысыз программалык же программалык-аппараттык комплекс түрүндө;
- алдамчылыкка каршы аракеттенүүнүн адистештирилген модулун түздөн-түз ар бир обочо туруп/аралыктан банктык тейлөө автоматташтырылган системаларына интеграциялоо аркылуу.
7. Обочо туруп/аралыктан тейлөө маалыматтык системаларындагы ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү системасы эрежелердин, шаблондордун жана талдоонун жыйынтыктарынын негизинде ар бир ишке ашырылган транзакцияга карата алдамчылык тобокелдигин баалоого тийиш.
Ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү системасы кеминде төмөнкүлөрдү камсыз кылышы зарыл:
- транзакцияларды базалык текшерүү;
- кардардын типтүү жүрүм-турум шаблондору менен салыштыруу (тиешелүү маалыматтар болгондо);
- алдын ала аныкталган критерийлер боюнча шектүү транзакцияларды бөгөттөө же токтотуу.
8. Маалыматтык системаларда ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү үчүн программалык камсыздоо колдонулганда, МФУ ишке ашырылган архитектуранын, иштөө принциптеринин, ушул жобонун талаптарына ылайык колдонуудагы тобокелдиктерди баалоо ыкмаларын толук чагылдыруу менен тиешелүү билдирүүнү Улуттук банктын дарегине жөнөтүүсү зарыл.
9. Толук автоматташтыруу мүмкүн болбогон учурда, жооптуу кызматкерлерге колго талдоого жол берилет.