Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-июнундагы 26/VIII-5
“Кайыңды - Сервис” муниципалдык ишканасына Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
«Кайынды - Сервис» МИ нын башчысынын «Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинен электр энергиясына болгон топтолгон карызды жабууга, ошондой эле калкты ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, калкка көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтардын сапатын сактоо, ишкананын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында» кайрылуусун карап, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1.«Кайынды - Сервис» муниципалдык ишканасынын электр энергияга болгон карызын жоюуга Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинен - 1053,8 миң сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |