Редакцияот 22.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

2022-жылдын 22-июлу № 43

 

Бирлик айыл өкмөтүнүн аймагында аткарылган иштердин 6 айлык отчёту жөнүндө

Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 6 ай ичинде аткарган иштеринин отчётун угуп, талкуулап чыгып Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1. Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 6 ай ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп кабыл алынсын.

2. Бирлик айыл аймагына караштуу Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, ”Гауян СПАсынын жана “Гауян таза-суу” мекемелеринин аткарып жаткан ишмердүүлүктөрү талаптагыдай болбогондугуна байланыштуу Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге 2022-жылдын 31-декабрына чейин жакындан көзөмөл жүргүзүп, талапка жооп бергидей жыйынтык менен келүүсү милдеттендирилет.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин тиешелүү комиссияларына жүктөлсүн.

 

 

Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

С.Каламов