Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
19-чакырылышынын 8-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 30-октябры № 8/1
Кара-Суу айыл аймагынын 2025-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын жана жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл аймагынын 2025-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын жана жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчету «канааттандырарлык» деп белгиленсин.
2.Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |