Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-июнундагы 29/X-1
"Каинды - Кант"ААК нун Маданият үйүн жана бала -бакчасын Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн балансына алуу мүмкүнчүлүгүнө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын, «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жана Кайыңды шаарынын мэриясынын "Каинды - Кант"ААК нун Маданият үйүн жана бала - бакчасын Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн балансына алуу мүмкүнчүлүгүнө макулдук берүү” жөнүндө катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. “Каинды - Кант"ААК нун Маданият үйүн жана бала - бакчасын Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн балансына алуу мүмкүнчүлүгүнө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |