Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-июнундагы 30/X-2
К. Тилебалдиев атындагы ата – энесинин камкордугусуз калган балдар үйүнүн тарбиялануучулары , жетим балдар Урпекова Алина Таалайбековна жана Усонбек уулу Айтугулга жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын билим берүү мекемелеринде жана башка мекемелеринде, анын ичинде социалдык жактан тейлөө мекемелеринде, балдар үйлөрүндө болгон мөөнөтү аяктагандан кийин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөөнү аяктагандан кийин алардын жашоо шарттарын жакшыртуу максатында, аларга ылайык турак-жай биринчи кезекте берилет.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесинин 1-бөлүмүнүн, 14-беренесинин 1-пунктунун, 22-беренесинин, 25-беренесинин 1-бөлүмүнүн, 32-беренесинин 1-бөлүмүнүн, “Муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин, 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 27-пунктунун жана 5-пунктунун негизинде, ошондой эле Панфилов райондук Прокуратурасынын 2025-жылдын 24-февралындагы “ № 11-05-25 сандуу “ченемдик укуктук актынын бузууларды четтетүү жөнүндө” талапты аткаруу максатында, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. К.Тилебалдиев атындагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары, ата – энесинин камкордугусуз калган балдар Урпекова Алина Таалайбековнага жеке турак-жай куруу үчүн аянты - 433,5 кв.м. болгон, Кайыңды шаары, Ленина көчөсү № 28 дарегинде жайгашкан жана Усонбек уулу Айтугулга жеке турак-жай куруу үчүн жалпы аянты болгон – 433,5 кв. м.болгон, Кайыңды шаары, Ленина көчөсү № 28/1 дарегинде жайгашкан жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери аталган жер тилкелерди өткөрүп берүүнү тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарында жүргүзүшсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер жана агрардык, жер жана турак-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |