Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-июнундагы 31/X-3
Кайыңды шаардык кеңешинин 20.01.2022-жылындагы № 27/IX - 3 “Муниципалдык мончого баруу акысын жогорулатуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кайынды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн “Кайыңды шаарынын муниципалдык мончосуна баруу акысынын жогорулашына макулдук берүү жөнүндө» катын карап чыгып, ошондой эле көмүрдүн, отундун, электрэнергиясынын жана керектүү товарлардын кымбатташын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктунун негизинде, Кайыңды шаардык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын муниципалдык мончосуна баруу акысы бир кишиге – 200 сом өлчөмүндө белгиленсин:
2.Төмөнкү жарандар категориясына 50% жеңилдик берилсин:
- Кайыңды шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине;
- Кайыңды шаарында жашаган Чернобыль АЭС авариясынын катышуучуларына;
- Кайыңды шаарында жашаган Афган согушунун катышуучуларына;
- 10 жашка жашка чыга элек балдарга.
3.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |