Редакцияот 28.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

 

2022-жылдын 28-декабры № 63

Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2023-жыл үчүн түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө

Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2022-жылы түзүлгөн иш –планынын негизинде аткарылган иштеринин жыйынтыгы менен таанышып, 2023-жыл үчүн түзүлгөн иш планы талкууланып, айтылган сунуштар эске алынып, кошумчалар менен карап чыгылып, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2023-жыл үчүн түзүлгөн иш-планы бекитилсин.

2. Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2023-жыл үчүн түзүлгөн иш- планынын негизинде Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын иш- планы 2023-жылдын январь айындагы 14-сессиясында бекитүүгө сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Гафуровго жүктөлсүн.

 

 

Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

С.Каламов