Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 15-октябры №10/3
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Өзгөруш айылындагы аялдама куруу үчүн каралган акча каражатын башка максатка пайдалануу жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтунүн экономика бөлумунүн башчысы Н.Дайыргазы улунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз X сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Өзгөрүш айылына 3 аялдама куруу үчүн каралган акча каражатынан 1 аялдама куруу,калган ашкан акча каражаттарын бала бакчанын проектиден жасалбай калган жерлерге жана китепкананын жылуулугуна жумшоого уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Дайыргазы уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык
кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.
Төрага | А. Бокоев |