ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ынтымак айылдык кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХIX сессиясы
2023-жылдын 13-апрелиндеги № 19/02
Гаузан таза суу ишканасынын 2022-жылдагы аткарган иштеринин отчету жана 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги Гаузан таза суу ишканасынын 2022-жылдагы аткарган иштери жана 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагындагы Гаузан таза суу ишканасынын 2022-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Гаузан таза суу ишканасынын 2023-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ынтымак айыл өкмөтүнүн Олуя-Ата конушундагы ичүүчү сууну пайдалануучуларга ар бир кожолукка бир даана диаметри 0,15 см түтүк аркылуу жана суу эсептегич орнотуу менен берилсин.
4. 2023-жылдын декабрь айына чейин таза суу боюнча мараторий жарыяланып, токтомду аткарбагандарга киргизилген суусу кыркылып, 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин “Жер, суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” комитетине жүктөлсүн.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | К. Балтабаева |