Редакцияот 13.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ынтымак айылдык кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХIX сессиясы

 

 

2023-жылдын 13-апрелиндеги № 19/04

 

Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Буркан көмүр кенин иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө

Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Буркан көмүр кенин иштетүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Түштүк” филиалына Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Буркан көмүр шахтасындагы 111,45 га жер тилкесинен көмүр казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.

 

2. Беш-Буркан көмүр кенин иштетүүдө мыйзамдуу иш алып баруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Ынтымак айыл өкмөтүнүн социалдык-маданий объектилерин өнүктүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Түштүк” филиалы менен келишим жана мемарандум түзүү жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө сунушталсын.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин “Жер, суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” комитетине жүктөлсүн.

 

 

Ынтымак айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары

К. Балтабаева