ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ынтымак айылдык кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХIX сессиясы
2023-жылдын 13-апрелиндеги № 19/07
Ынтымак айылдык кеңешинин «Жер, суу жана электр энергия, жолдор боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун 2023-жылдын 12-апрелиндеги №4 протоколунун 2-пунктундагы трансформаторлорго жер аянтын ажыратуу тууралуу маселени кароо жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңешинин «Жер, суу жана электр энергия, жолдор боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун 2023-жылдын 12-апрелиндеги №4 протоколунун 2-пунктундагы трансформаторлорго жер аянтын ажыратуу тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айылдык кеңешинин «Жер, суу жана электр энергия, жолдор боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун 2023-жылдын 12-апрелиндеги №4 протоколунун 2-пунктундагы трансформаторлорго жер аянтын ажыратуу тууралуу маселе каралсын.
2. Ынтымак айылындагы мектептин түштүк жагында жайгашкан муниципалдык менчикте турган жана №17 ҮБДТ ооруканада жол боюнда жайгашкан атайын социалдык обьектиге ажыратылган жерлерге электр трансформаторун орнотуу үчүн 16 чарчы метрден жер аянтын ажыратууга макулдук берилсин.
3. Аталган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткаруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Салановко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин “Жер, суу, электр энергия жана жолдор” боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
| К. Балтабаева |