ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХX сессиясы
2023-жылдын 8-июнундагы № 20/01
2023-жылдын 2-июнундагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү боюнча комиссиясынын “Ынтымак жайыт комитетинин Сары-Талаа тилкесинен 40 гектар жайыт жерин трансформацияга берүү жөнүндөгү” №1 протоколун кароо тууралуу
Ынтымак айылдык кеңеши 2023-жылдын 2-июнундагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү боюнча комиссиясынын “Ынтымак жайыт комитетинин Сары-Талаа тилкесинен 40 гектар жайыт жерин трансформацияга берүү жөнүндөгү” №1 протоколун кароо тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 2-июнундагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү боюнча комиссиясынын “Ынтымак жайыт комитетинин Сары-Талаа тилкесинен 40 гектар жайыт жерин трансформацияга берүү жөнүндөгү” №1 протоколу жактырылсын.
2. Ынтымак жайыт комитетинин Сары-Талаа тилкесинен 1073/2,1; 1072/3,5; 1095/7,4; 1111/33,8; 1106/8,6; 1108/2,0; 1160/5,9 контрларынан 40 гектар жайыт жерин трансформацияга берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин “Жер, суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Исамов |