ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ынтымак айылдык кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХIХ сессиясы
2023-жылдын 7-августундагы № 21/04
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн болжолун бекитүү жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши:
Т о к т о м к ы л а т:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн болжолу 13494,2 миң сом болуп белгиленсин.
2. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы |
Р.Исамов |