Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 15-октябры №10/5
1-Май айылынын И.Бирназаров,А.Саргашкаев,Т.Дүйшеев,Н.Үсөналиев атындагы көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн зым тиректерин орнотуу жөнүндө
1-Май айылынын И.Бирназаров,А.Саргашкаев,Т.Дүйшеев,Н.Үсөналиев атындагы көчөлөрүндөгү жалпы пайдалануудагы жер аянттарына Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана 32-беренесинин 4-пунктунун негизинде жарыктандыруу зым тиректерин орнотуу максатында Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат :
1. Ат-Башы өнүктүрүү фондунан каралган акча каражатын 1-Май айылындагы ички көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.
2. 1-Май айылынын И.Бирназаров,А.Саргашкаев,Т.Дүйшеев,Н.Үсөналиев атындагы көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн зым тиректерин орнотууга уруксат берилсин.
3. Жарыктандыруу зым тиректерин орнотуу үчүн жер аянттарын аныктоо боюнча Ат-башы районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын долбоорунун негизинде башкармалыктын адиси менен биргеликте иш жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн турак жай адиси М.Эсеновго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |