Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-апрели № 7-7
Интернационал айылындагы Б.Айдаров көчөсү № 2/1 дарегинде жайгашкан жеке менчик 106,60 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Интернационал айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Анарбаев Мийзамидин Эрке-Кашка көчөсү № 2/1дарегинде жайгашкан жеке менчик 106,60 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”, “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо жана курууга башка өзгөртүү киргизүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн обьекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 6-август 2021-жылдын №114-токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Интернационал айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Анарбаев Мийзамидин Эрке-Кашка көчөсү № 2/1 дарегинде жайгашкан жеке менчик 106,60 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Интернационал айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Анарбаев Мийзамидин Эрке-Кашка көчөсү № 2/1 дарегинде жайгашкан жеке менчик 106,60 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесин коммерциялык багытына өзгөртүп берүүдө Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесинин багытын өзгөртүрүп берүү жагы сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |