Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 12-отурумунун
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-августу № 12/1
Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылынын Күңгөй каналынын чыгыш тарабында жайгашкан №1312 контурунда 3,45 га кайрак айдоо, №571 контурунда 3,45 га кайрак айдоо, №572 контурунда 0,66 га жайыт, жалпы 7,56 га “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы” жер аянтын турак жай салуу үчүн “Калктуу конуш жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жана Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер комиссиясына сунуштоо жөнүндө
Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылынын Күңгөй каналынын чыгыш тарабында жайгашкан №1312 контурунда 3,45 га кайрак айдоо, №571 контурунда 3,45 га кайрак айдоо, №572 контурунда 0,66 га жайыт, жалпы 7,56 га “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы” жер аянтын турак жай салуу үчүн “Калктуу конуш жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жана Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер комиссиясына сунуштоо максатында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесине ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылынын Күңгөй каналынын чыгыш тарабында жайгашкан №1312 контурунда 3,45 га кайрак айдоо, №571 контурунда 3,45 га кайрак айдоо, №572 контурунда 0,66 га жайыт, жалпы 7,56 га “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы” жер аянтын турак жай салуу үчүн “Калктуу конуш жерлери” категориясына которууга макулдук алуу жагы Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер комиссиясына сунушталсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалынан суроо жер маселери боюнча башкы адиси К.А.Пасаңовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |