Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 13-отурумунун
ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-августу № 13/1
Курманжан Датка айыл аймагынын калкынын ичүүчү таза сууга болгон акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл аймагынын калкынын ичүүчү таза сууга болгон акыларынын тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин.
- ар бир кожолукка (түтүнгө) 1 куб 50 (элүү) сом;
2. Чогултулган ичүүчү таза суунун акыларынын акча каражаттары “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын эсебине төгүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |