Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-октябры № 2025-П-12/55-4-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 1998-жылдын 14-декабрындагы № 34/9 "Коммерциялык банктын операцияларын ишеним боюнча тескөө аркылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө";
- 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө";
- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобону бекитүү жөнүндө";
- 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 "Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө" жобо тууралуу";
- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө";
- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө";
- 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө";
- 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 "Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин" бекитүү жөнүндө";
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/9 "Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар" жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин" бекитүү тууралуу";
- 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/4 "Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө";
- 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2024-жылдын 20-мартындагы № 2024-П-12/12-2-(НФКУ) "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКтын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКтын ишин жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө".
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 7 (жети) жумуш күнү өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, "Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомун, микрофинансылык уюмдарды жана кредиттик союздарды тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.