БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бел айылдык кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 15-сессиясы
2023-жылдын 26-январындагы № 15-5
Бел айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Бел айылдык кеңеши күн тартибиндеги айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндөгү маселе боюнча Ноокат райондук салык кызматынын өкүлүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнундо” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна негиз, Бел айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мулк салыгы киргизилсин.
2. Бел айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгынын аткарылышын мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алмабашовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бел айылдык кеңешинин бюджет,экономикалык саясат, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңештин төрагасы | М.А.Ураимов |