Редакцияот 26.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бел айылдык кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 15-сессиясы

 

 

2023-жылдын 26-январындагы № 15-4

Бел айыл өкмөтүнүн мекеме ишканаларына керектелүүчү лимитти бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы “Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” №126 токтомун ишке ашыруу максатында, айыл өкмөтүндөгү ишканалардын 2023-жылга электр энергиясынын лимитин бекитүү жөнүндөгү буйругун карап чыгып Бел айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бел айыл өкмөтүнүн 2023-жылга керектелген электр энергиясы үчүн 603,7 кВТ лимитин бекитүү жөнүндөгү буйругу жактырылсын.

2. Бекитилген лимитти үнөмдүү пайдалануу жагы ар бир мекеме жетекчилерине жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго жана айыл өкмөт башчысы М.Т.Тентимишовго милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык Кеңештин төрагасы

М.А.Ураимов