Редакцияот 18.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-ноябрындагы № 59/ХIХ-28

«Чоң-Далы айылынын башкы планын өзгөртүү жана оңдоо жөнүндө»

Чоң-Далы айылынын башкы планына өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү зарылдыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А. А. Асанбековдун маалыматын карап, талкуулоо жана пикир алмашуу менен:

 

Логвиненко айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чоң-Далы айылынын башкы планына киргизилген өзгөртүүлөр жана оңдоолор бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Логвиненков айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Асанбековго жүктөлсүн.

 

Логвиненко айылдык

кеңешинин төрагасы

К. М. Жонгучкаев