Загрузка документа…
ТӨЛӨК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-июлу № 39
“Маловодное” айылдын атын “Назар-Ата” ысымына өзгөртүү
Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” (КР 2002-жылдын 25-июлундагы N 130, 2008-жылдын 21-июлундагы N 159. 2014-жылдын 18- июлундагы N 144, 2022-жылдын. 20-январындагы N 9, 2023-жылдын 6- апрелиндеги N 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) № 67 Мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана Маловодное айылынын жарандарынын “Маловодное” айылынын атын тарыхый инсан болгон айылдын тургуну “Назар-Ата” атына которуп берүү жөнүндөгү 2025- жылдын 11-июлундагы чогулуштун протоколун карап чыгып Төлөк айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Маловодное” айылынын атын тарыхый инсан болгон айылдын тургуну “Назар-Ата” атына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. “Маловодное” айылынын атын “Назар-Ата” атын атоо боюнча бардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета тарабынан аныкталган тартипте демилгелеген тараптын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго милдеттендирилсин.
Төлөк айыл кеңешинин төрөгасы |
| Иманалиев У.Д. |