Загрузка документа…
ТӨЛӨК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-июлу № 40
Төлөк айылындагы Школьный көчөсүнүн атын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” (КР 2002-жылдын 25-июлундагы N 130, 2008-жылдын 21-июлундагы N 159, 2014-жылдын 18- июлундагы N 144, 2022-жылдын 20-январындагы N 9, 2023-жылдын 6- апрелиндеги N 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) № 67 Мыйзамынын 7-беренесине ылайык көчөлөргө жана туюк көчөлөргө аталыштар берүүнү жана жаңыча аталыштар берүү жана Төлөк айылынын жаранынын кайрылуусунун негизинде Төлөк айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөк айылынын Школьный көчөсүнүн атын “Ниязбек Сабыркуловдун” атына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Төлөк айылынын Школьный көчөсүнүн атын атоо боюнча бардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета тарабынан аныкталган тартипте демилгелеген тараптын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго милдеттендирилсин.
Төлөк айыл кеңешинин төрөгасы |
| Иманалиев У.Д. |