Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 14-августу №36
Ак-Турпак айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа каражатын
лизинг жолу менен алууга макулдук берүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин маалыматын угуп, 2016-жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 633 тескемесине, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 29-июлундагы №01-16/333 катына ылайык, ошондой эле айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнө кызматтык пайдалануу үчүн Шевроле Трекер (Chevrolet Tracker) үлгүсүндөгү автоунааны лизинг жолу менен алууга макулдук берилсин.
2. Лизинг алуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана тапшыруу жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Имаров |