Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 8-сентябры №37
Жаңы-Жер айылынын тургуну Б.Бурхановго айыл өкмөтүнүн эсебинен акча каражатын төлөп берүү жөнүндө
Кадамжай райондук сотунун 2025-жылдын 8-июлундагы № ГД-295/25-Ба2 жарандык иш боюнча чечими менен таанышып, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары - юридикалык маселелер боюнча жооптуу У.Жумаевдин маалыматын жана айыл өкмөт башчысы Ж.Маканбаевдин сунушун угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Кадамжай райондук сотунун 2025-жылдын 8-июлундагы чечимдери аткарууга алынсын.
2. Соттун чечимине ылайык Жаңы-Жер айылынын тургуну Б.Бурхановго 4 166 700 (төрт миллион бир жүз алтымыш алты миң жети жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты төлөнүп берилсин.
3. Көрсөтүлгөн сумманы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн эсебинен ажыратып төлөп берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Имаров |