Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз
14-отуруму
2025-жылдын 29-августу №14/1
Курманжан Датка айыл аймагынан аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Курманжан Датка айыл аймагынан аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди бекитүү жөнүндө Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 14-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Курманжан Датка айыл аймагынан аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мөөнөтү бүтүп, башкадан курам түзүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл аймагында өткөрүлгөн элдик жыйындарынын протоколунун негизинде комиссиянын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер депутаттардын колдоосу менен бекитилип берилсин.
2.Аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлеринин өздүк документтери Алай аймактык шайлоо комиссиясына өз учурунда тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |