Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз
15-отуруму
2025-жылдын 25-сентябры №15/1
Кыргыз Республикасынын №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө
Курманжан Датка айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 15-отуруму, Курманжан Датка айылдык кеңешинин төрагасы Д. Камчыбек уулунун, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 04.09.2025 №16/173 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткаруу буйругуна ылайык, Курманжан Датка айыл аймагындагы айыл өкмөтүнө караштуу калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 06-декабрындагы №194 «Тынчтык жөнүндө» мыйзамы Курманжан Датка айылдык кеңеши тарабынан жактырылсын.
2. Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясы тарабынан 2025-жылдын 4-сентябрындагы №16/173 буйругу, Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу максатында Курманжан Датка айыл аймагы боюнча аткарууга алынсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна жана Курманжан Датка айыл аймагы боюнча айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
5.Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |