Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз
15-отуруму
2025-жылдын 25-сентябры №15/2
Арпа-Тектир айылына көпүрө салууга макулдук берүү жөнүндө
Курманжан Датка айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 15-отуруму, Арпа-Тектир айылынын жарандарынын арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 14-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арпа-Тектир айылынын жарандарынын арызы Курманжан Датка айылдык кеңеши тарабынан аткарууга алынсын.
2. Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылынын жарандарынын кайрылуусунун негизинде Арпа-Тектир айылына көпүрө салууга макулдук берилсин.
3. Тиешелүү корутунду жана ӨКМ тарабынан уруксат иш кагаздарын алуу жагы жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жана жеке демөөрчүгө жүктөлсүн.
4. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна жана Курманжан Датка айыл аймагы боюнча айыл башчыларына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
6.Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |