Редакцияот 18.05.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы

 

2022-жылдын 18-майындагы № 1

Депутаттарды сессияга чакыруу жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясын өткөрүү үчүн 2022-жылдын 18-май күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясын өткөрүү үчүн 2022-жылдын 18-май күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттары Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакырылсын.

2. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы

А. Баатыркулов