Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I- чакырылышынын) X-I сессиясы
2025-жылдын 4-августу №2
“Жумгал Нефрос” ЖКЧ сынын башкы директору Карыбек уулу Нурландын 2023-жылдын 20-сентябрындагы №02-01-33/1476 сандуу Чаек айыл өкмөтүнө жазган кайрылуусу боюнча Чаек айылындагы Э.Матыев көчөсүнүн №54 Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик имаратына гемодиализ борборун ачуу үчүн узак мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө
“Жумгал Нефрос” ЖКЧ сынын башкы директору Карыбек уулу Нурландын 2023-жылдын 20-сентябрындагы №02-01-33/1476 сандуу Чаек айыл өкмөтүнө жазган кайрылуусу боюнча Чаек айылындагы Э.Матыев көчөсүнүн №54 Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик имаратына гемодиализ борборун ачуу үчүн узак мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. “Жумгал Нефрос” ЖКЧ сынын башкы директору Карыбек уулу Нурландын 2023-жылдын 20-сентябрындагы №02-01-33/1476 сандуу Чаек айыл өкмөтүнө жазган кайрылуусу боюнча Чаек айылындагы Э.Матыев көчөсүнүн №54 Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик имаратына гемодиализ борборун ачуу үчүн (6 ай убакыттын ичинде) узак мөөнөткө 25 жылга ижарага берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталипов |