Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 7-марты  № 01-7/14

Сары-Өзөн айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы баяндамасына макулдук  берүү жөнундө

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Сары-Өзөн айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Сары-Өзөн айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

 

1. Сары-Өзөн айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Сары-Өзөн айылдык кеңешинин төрагасына жана Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Сокулук райондук жергиликтүү  мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага        

 

 Т.Э.Бектемиров