Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I- чакырылышынын) X-сессиясы
2025-жылдын 4-августу №3
Мамбетова Элмира Кубанычбековна мандатын тапшырып кеткендигине байланыштуу Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Мамбетова Элмира Кубанычбековна мандатын тапшырып кеткендигине байланыштуу Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Финансы-экономика жана пландоо бюджет боюнча туруктуу комиссиясы”нын курамына өзгөртүү киргизүү боюнча, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин (I чакырлышынын 2025-жылдын 5-мартындагы кезексиз V сессиясынын №2 Токтому менен түзүлгөн “Финансы-экономика жана пландоо бюджет” боюнча Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамындагы Мамбетова Элмира Кубанычбековна Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 47 токтомунун 1- тиркемеси боюнча Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын № 7 мандатын ташырып кеткендиктен ордуна Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Көчөрова Элиза Дөөлөтказиевна аталган туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |