Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 7-марты  № 01-7/12

 

Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтомунун негизинде “Жеке турак жай куруу үчүн  жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосунун 10.11.12.13.14.15. – пункттарынаылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

  1. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
  2. Сары-Өзөн айылдык кеңештин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.

Комиссия мүчөлөрү:

  1. Иштыбаев Самат Мусадинович - Сары-Өзөн айылдык кенешинин депутаты;
  2. Садыков Бактияр Юсупович - Сары-Өзөн айылдык кенешинин депутаты;
  3. Бекмырзаев Самат Бекмырзаевич - Сары-Өзөн айылдык кенешинин депутаты;
  4. Сокулук райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын өкүлү;
  5. Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү;
  6. Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси-юристи;
  7. Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адистери;
  8. Асылбаш, Төш-Булак, 1-Май, Жакынкы Арал жана Алыскы Арал айылдарынын башчылары.

 2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сары-Өзөн айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Р.Акчаловго тапшырылсын.

Төрага        

 

 Т.Э.Бектемиров