Редакцияот 28.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы

 

2022-жылдын 28-июнундагы № 6

“Ардактуу атуул” наамына көрсөтүү жөнүндө

Чоң-Алай райондук мамлекеттик админстрациясынын “Ардактуу атуул” наамына көрсөтүү жөнүндө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Калктын социалдык-экономикалык өсүүсүнө салым кошкон, көп жылдык эмгеги бар Жайылма айылынын тургуну Апызов Мамат жана Ош областтык кан борборунун башкы дарыгери Боркошев Абдиламит Ниязович Чоң-Алай райондук мамлекеттик админстрациясынын “Ардактуу атуул” наамына сунушталсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы

А. Баатыркулов