Редакцияот 28.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы

 

2022-жылдын 28-июнундагы № 7

“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессияс төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Калктын социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Жалилов Канатбек Абдрахмановичке жана Кара-Кабак айылынын тургуну Мурзаканов Пайзилда Бадировичке Кашка-Суу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы

А. Баатыркулов