ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 28-сессиясынын
кезексиз отуруму
2023-жылдын 30-мартындагы № 1
“Акбарали-Ата” ЖЧК тарабынан көмүр кенин иштетүүдөн келип чыккан бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча долбооруна макулдук берүү жөнүндө
“Акбарали-Ата” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2023-жылдын 9-мартындагы № 7 чыгыш сандуу катын Чоң-Алай алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 28-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Акбарали-Ата” жоопкерчилиги чектелген коомунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Текелик-1” участогунда көмүр казуудан келип чыккан бузулган жерлерди рекультивациялоо (кайра калыбына келтирүү) боюнча иштелип чыккан долбооруна макулдук берилсин.
2. “Акбарали-Ата” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилигине жергиликтүү тургундардын сунуштарын эске алуу менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |