ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 28-сессиясынын
кезексиз отуруму
2023-жылдын 30-мартындагы № 2
Жаш-Тилек айылындагы мурдагы мончонун орду болгон жер аянтына бассейн курууга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун 2023-жылдын 2-мартындагы №462 чыгыш сандуу катын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 28-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылындагы мурдагы Союз мезгилиндеги мончонун орду болгон муниципалдык менчикте турган 800м2 жер аянтына бассейн курууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |