ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 28-сессиясынын
кезексиз отуруму
2023-жылдын 30-мартындагы № 4
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Темир бетон заводуна оор жүк ташуучу техникаларды лизинг аркылуу сатып алуусуна макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 28-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Темир бетон заводуна оор жүк ташуучу техникаларды лизинг аркылуу сатып алуусуна макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |