ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 28-сессиясынын
кезексиз отуруму
2023-жылдын 30-мартындагы № 6
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилүүчү жерлерди аукционго коюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилген жер аянттарынын мөөнөтү бүткөндөрүнө аукцион өткөрүүгө жазгы талаа иштери башталып калгандыктан мөөнөтү бүтүп калган ижарага берилген жерлерди аукционго коюу мөөнөтүн 2023-жылдын сентябрь айына чейин узартып туруу сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 28-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилген жер аянттарынын мөөнөтү бүткөндөрдү 2023-жылдын сентябрь айына чейин узартууга ал эми аукцион өткөрүүнү күзгү жыйым теримден кийин өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Ижара акылары бир жылдык мөөнөткө тактап айтканда мурунку өлчөмдө өндүрүлсүн.
-1 гектар суулуу жердин ижара акысы 2000 сом өлчөмүндө
-1 га кайрак жердин ижара акысы 1000 сом өлчөмүндө
-1 га чөп чабынды жердин ижара акысы 800 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |