Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 28-сессиясынын

кезексиз отуруму

 

2023-жылдын 30-мартындагы № 7

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинен 2023-жылга калган калдыкты кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И. Эрмаматовдун жана ФЭБ башчысы О.Сейдановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинен 2023-жылга карата калган калдыктарды бөлүштүрүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 28-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинен калган 8 646 425 сом акча каражаты 2023-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилсин жана төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.

-ЖКХ 6 546 425 сом

-бала бакчаларга 2 100 000 сом

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

С.Мойдунов