Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 28-сессиясынын

кезексиз отуруму

 

2023-жылдын 30-мартындагы № 8

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы атайын каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2023-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 28-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы атайын каражатынан калган 11,84 сом акча каражаты 2023-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.

-Аппараттын атайын каражаттарына 11,84 сом

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

С.Мойдунов