Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 7-марты  № 01-7/11

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобосуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

      1. Апакаев Рашид Калибекович – Сары-Өзөн айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы;

  1. Анырова Субагул Жумакадыровна – айылдык кенештин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.

Комиссия мүчөлөрү:

  1. Сокулук райондук агрардык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу менен);
  2. Шаршенкулов Самат Сатаркулович – Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
  3. Бекмырзаев Самат Бекмырзаевич – Сары-Өзөн айылдык кенешинин депутаты;
  4. Муратова Айгерим Тимуровна – Сары-Өзөн айылдык кеңештин депутаты
  5. Джумалиев Качкынбай – Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси;
  6. Чекирова Бурул Касымбековна – айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси;
  7. Алымбаева Мадина Мысалыевна - Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси;
  8. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси – юрист;

2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сары-Өзөн айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Р.Акчаловго тапшырылсын.

 

Төрага        

 

 Т.Э.Бектемиров